Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 10-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Таласта +30…+35 градуска жетсе, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +27…+32 градуска дейре ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Беткен облустарында күндүн табы +33…+38 градуска көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +36…+38 градус ысык болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0