Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылына жакын жерде болжол менен саат 13.40тар чамасында төрт автонуаа кагышып, кырсык болгон жерде 23 жаштагы жигит каза тапты. Бул туурасында аталган облустун милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсыктаган экинчи автоунаада Франциянын жарандары болгон.
Милициядан ВАЗдын 36 жаштагы айдоочусу, Семеновка айылынын тургуну каза болуп калгандыгын айтышты. Андан сырткары алты киши жаракат алганы белгилүү болду. Алардын арасында Франциянын эки жараны бар экени айтылды.
Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен баш-аягы беш киши жабыркаганын билдиришти. Алар Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган министрликтен Франциянын эки жаранынын абалы туруктуу, бирок оор экендигин жана хирургия бөлүмүнө жаткырылгандыгын айтышты. Алардын сырткары 32 жана 35 жаштагы кишилердин бели сынып кеткендиги маалымдалды.