Көчмөндөр оюндарында Кырчынга миңден ашуун боз үй тигилет

Жазылуу
Этно-шаарчанын аймагында "ылдамдыкта боз үй тигүү" сыяктуу сынактар өтүп турат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк оюндарына маданий программасы көрсөтүлө турган Кырчын этно-шаарчасында 1000ден ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу режиссер Зарылбек Молдобакиров билдирди.

Анын айтымында, ар бир облус жана Бишкек, Ош шаарлары 11-13төн боз үйгө чейин тигүүнү пландап жатат.

"Ала-Тоо айымдары", "Кийиз дүйнө", "Ак элечек апалар", "Кыргыз жери" жана башка бир катар коомдук бирикмелер 18-20дан боз үй тигет. Жалпысынан болжолдуу 800дөн 1000ге чейин боз үй болорун күтүүдөбүз. Мындан сарткары, кимде-ким өзүнүн боз үйүн Кырчынга тигүүнү кааласа режиссерлордун штабына кайрылса болот. Штаб Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада жайгашкан", — деди Молдобакиров.

Ошондой эле ал этно-шаарчанын аймагында "ылдамдыкта боз үйдү тигүү" сыяктуу кыргыз үйүнө байланышкан сынактар болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0