Бул жумада Бишкек шаарындагы базар менен супермаркеттерде азык-түлүк бир аз кымбаттаган. Тактап айтканда, сабиз 8 сомго, помидор 5 сомго, койдун, уйдун эти 20 сомго, тооктун буту 10 сомго чейин кымбаттаган.
Ошондой эле арзандаган да азык-түлүктөр бар. Пияз 1 сомго, картошка 3 сомго, бадыраң 9 сомго арзандаган.