Бишкекте борбордук көчөнүн бир бөлүгү ремонтко жабылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖолдогу аң-чөнөк. Архив
Жолдогу аң-чөнөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери бир айга созулат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкекте шаршемби күнү Үмөталиев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Рыскуловго чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Жолдун асфальты менен бордюрлары жаңыртылат.

Оңдоо иштери 30-августка чейин созулмакчы. Айдоочулар Калык Акиев көчөсү менен жүрө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0