БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Шымы жок жаткан жеринен видеого түшүп калган патрулдук көзөмөл кызматынын милиционери иштен бошотулду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
26-июлда активист Болот Ибрагимов Facebook тармагындагы баракчага милиция формасынын көйнөгүн кийип, бирок шымы жок жаткан кишинин видеосун жарыялаган.
Шаардык милициядан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ал ишинен алынгандыгы айтышты.