Кайран 2 миллион сом! "Жаштар" паркына жаңы эле коюлган жасалма асканы кесишти

© пресс-служба мэрии города БишкекРеконструкция парка "Молодежный" в Бишкеке
Реконструкция парка Молодежный в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эле эки миллион сомго жакын каражатка сатып алынган жасалма аскага эми балдар эле эмес, чоң кишилер да оңой менен чыга албай турган болуп калды. Мындай нерсе балдардын коопсуздугу үчүн жасалууда.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жаш гвардия көчөсү менен Жибек Жолу проспектисиндеги "Жаштар" гүлбагына орнотулган жасалма аска эми балдар үчүн коркунуч туудурбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул жай жакында эле ачылган. Ал жерде жасалма аскадан сырткары футбол талаасы жана балдар ойной турган аянтча салынган. Эгерде жаңы орнотулган жай коопсуз болсо эч нерсе болбос эле. Кептин баары бул жердин балдардын өмүрүнө кооптуулук жараткандыгында. Алар "аскага" чыкса, артынан караган эч ким жок. 

© пресс-служба мэрии города БишкекЖаш гвардия көчөсү менен Жибек Жолу проспектисиндеги "Жаштар" гүлбагына орнотулган жасалма аска эми балдар үчүн коркунуч туудурбайт
Реконструкция парка Молодежный в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаш гвардия көчөсү менен Жибек Жолу проспектисиндеги "Жаштар" гүлбагына орнотулган жасалма аска эми балдар үчүн коркунуч туудурбайт

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шараповдун айтымында, жасалма асканы аймактык инспектор текшерип турушу керек болчу. Бирок биздин кабарчылар ал жерде эки саат болуп аймакты текшерген бир да милиционерди көргөн жок. 

© пресс-служба мэрии города БишкекЖума күнү эртең менен Биринчи Май районунун администрациясы балдар жасалма аскага чыгып жаткан тепкичти кести.
Реконструкция парка Молодежный в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жума күнү эртең менен Биринчи Май районунун администрациясы балдар жасалма аскага чыгып жаткан тепкичти кести.

Сейил бакта жайгашкан жасалма аска балдардын өмүрүнө кооптуулук жаратып жатканы тууралуу кеп козголгондо акимдин орун басары спорттук жабдуу Альпинизм жана жарга чыгуу федерациясынын карамагына берилгенге дейре эле чара көрүлөрүн убадалаган. Ал ошондой эле Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жасалма аска эки миллион сомго жакын каражатка алынганын билдирген.

Ал эми мэрия бүгүн, 27-июлда жабдуу коопсуздандырылганын маалымдады.

"Жума күнү эртең менен Биринчи Май районунун администрациясы балдар жасалма аскага чыгып жаткан тепкичти кести. Ошондой эле жогору жакка чыгуу үчүн орнотулган таштары дагы алынды", — деп мэрия жиберген маалыматта айтылат.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эми жасалма аскага балдар эле эмес, чоң кишилер да оңой менен чыга албай турганын айтты. Анткени тепкичке чейинки таштын баары алып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0