Эфир учурунда спорттук терминдердин кыргызча маанисин колдонууга аракет кылабыз. Бул тууралуу Асылбек Бактыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кубан Атабеков сыяктуу белгилүү спорт журналисттери терминдердин кыргызча вариантын байытууга чоң салым кошкон.
"Баарыбызга белгилүү болгондой спортко кирген сөздөрдүн дээрлик баары чет тилден кирген терминдер. Ошентсе да эфир учурунда чет тилден кирген терминдердин кыргызча маанисин мүмкүн болушунча колдонууга аракет кылып келебиз. Бул жаатта Кубан Атабеков агаларыбыздай спорт журналисттерин салымы өтө чоң. КТРК спорт каналынын жамааты өнүгүү жолунда", — деди Бактыбеков.
Ал жаңы эле аяктаган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат узакка эсте каларын кошумчалады.