Москвадагы Сабантуй майрамында Кыргызстан башкаларды таң калдырды

© Sputnik / Лев РыжковМосква шаарындагы "Коломенское" музей-коругунда "Сабантуй" майрамы белгиленди
Москва шаарындагы Коломенское музей-коругунда Сабантуй майрамы белгиленди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарындагы "Коломенское" музей-коругунда "Сабантуй" майрамы белгиленди. Анда кыргыз диаспорасынын да чатыры тигилди.

"Сабантуй" майрамын негизинен татарлар менен башкырлар айдап-себүү иштери аяктагандан кийин белгиленип келишкен. Салтанат Москва шаарында 30 жылдан бери белгиленип келет. Бул убакыт ичинде ал калың элдин катмарына жайылып, эл аралык деген статуска ээ болгон. Быйылкы "Сабантуй" майрамына 200 миңден ашык киши келгенин уюштуруучулар айтышууда.

Маданий иш чара Москвадагы татар улуттук-маданий автономиясынын демилгеси менен уюштурулган. Келген коноктордун көңүлүн албетте ортого коюлган ири чак-чак бурду. Ал чоң торттун формасында жасалып, 2018 килограмм болгон. Кечке жуук чак-чак келген конокторго таратылган.

© Фото / Ipro.Show | IPro.MediaМосква шаарындагы "Коломенское" музей-коругунда "Сабантуй" майрамы белгиленди
Москва шаарындагы Коломенское музей-коругунда Сабантуй майрамы белгиленди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Москва шаарындагы "Коломенское" музей-коругунда "Сабантуй" майрамы белгиленди
© Фото / Ipro.Show | IPro.Media"Сабантуй" майрамын негизинен татарлар менен башкырлар айдап-себүү иштери аяктагандан кийин белгиленип келишкен
Сабантуй майрамын негизинен татарлар менен башкырлар айдап-себүү иштери аяктагандан кийин белгиленип келишкен - Sputnik Кыргызстан
2/4
"Сабантуй" майрамын негизинен татарлар менен башкырлар айдап-себүү иштери аяктагандан кийин белгиленип келишкен
© Фото / Ipro.Show | IPro.MediaСалтанат Москва шаарында 30 жылдан бери белгиленип келет
Салтанат Москва шаарында 30 жылдан бери белгиленип келет - Sputnik Кыргызстан
3/4
Салтанат Москва шаарында 30 жылдан бери белгиленип келет
© Фото / Ipro.Show | IPro.MediaБул убакыт ичинде ал калың элдин катмарына жайылып, эл аралык деген статуска ээ болгон
Бул убакыт ичинде ал калың элдин катмарына жайылып, эл аралык деген статуска ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
4/4
Бул убакыт ичинде ал калың элдин катмарына жайылып, эл аралык деген статуска ээ болгон
1/4
Москва шаарындагы "Коломенское" музей-коругунда "Сабантуй" майрамы белгиленди
2/4
"Сабантуй" майрамын негизинен татарлар менен башкырлар айдап-себүү иштери аяктагандан кийин белгиленип келишкен
3/4
Салтанат Москва шаарында 30 жылдан бери белгиленип келет
4/4
Бул убакыт ичинде ал калың элдин катмарына жайылып, эл аралык деген статуска ээ болгон

Майрамда түрдүү улуттардын дагы маданиятын таанытууга мүмкүндүк берилип, ал үчүн атайын аянтчалар берилген. Ал жакта Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Азербайжандын өкүлдөрү орун алып, колго жасалып, тигилген буюмдарын коюшкан. Кыргызстан үчүн бөлүнгөн аянтчада улуттук кийим кийген фотомодель Жылдыз Апышева конокторду жылуу тосуп алып турган. Ал Москвада иштеп, бий менен алектенип жана мода көргөзмөлөрүнө катышып турат.

© Sputnik / Лев РыжковКыргызстан үчүн бөлүнгөн аянтчада улуттук кийим кийген фотомодель Жылдыз Апышева
Народные гулянья в честь праздника Сабантуй-2018 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан үчүн бөлүнгөн аянтчада улуттук кийим кийген фотомодель Жылдыз Апышева

"Бул жактагы мекендештер үчүн көйнөктөрдү алып келебиз. Карагылачы кандай гана керемет. Өз маданиятыбызды колдоп, аны унутуп калбоого аракеттенебиз. Бул абдан маанилүү. Мекенден, Бишкек шаарынан канча алыста жашап жатканымды элестеткенде коркуп кетем. Москва шаарында жашап иштеп калганыма көп болду. Андыктан маданиятты эстеп туруу биз үчүн абдан маанилүү", – дейт Апышева. 

Россиядагы кыргызстандыктар татар жана башка диаспоралар менен тыгыз иштешет. Быйыл "Сабантуй" иш чарасына биринчи жолу катышышкан.

"Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун аймактар аралык маданият секторунун башчысы Майрам Туралиева бул майрамга кийинки жылы да катыша турганын билдирди. 

© Фото / Ipro.Show | IPro.MediaБыйылкы "Сабантуй" майрамына 200 миңден ашык киши келгенин уюштуруучулар айтышууда
Народные гулянья в честь праздника Сабантуй-2018 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы "Сабантуй" майрамына 200 миңден ашык киши келгенин уюштуруучулар айтышууда

"Бул жакка алып келген кийимдердин бардыгы колго тигилип, автору Дания Ташиева. Ал эми куурчактарды Ширин Ахмедова жасаган", — деди ал.

Кыргызстан үчүн бөлүнгөн аянтчада колго жасалган куурчактар, кийимдер, улуттук саймалар коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0