БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты килем сатып алуу үчүн 350 миң сомдук тендер жарыялады. Бул туурасында Мамлекеттик сатып алуулар порталына жазылган.
Тендер 19-июлда жарыяланган. Анда өкмөттүн өкүлчүлүгү улуттук оюм-чиймдери бар эки кремль килемин жана төрт кара-кызыл жибек килемин сатып алуу ниетин көрсөткөн. Ага 349 миң 980 сом сунушталууда.
Конкурстун мөөнөтү 27-июлда аяктайт.