БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы эл аралык "Гран-При — Загреб" турнирине катыша тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Мелдеш 27-29-июль күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтөт. Анда өлкө атынан төрт балбан күч сынашат.
Улуттук курама команданын тизмеси:
Артур Те — 66 килограмм;
Бектур Рысмамбетов — 73 килограмм;
Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө;
Спортчуларды улук машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.
Команданы мелдешке жөнөтүү үчүн спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 726 миң сом бөлүндү.