00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте унаа эми арзандайбы? Бажы жол-жобосунун өзгөрүшү эмне берет

© Sputnik / Михаил Киреев / Медиабанкка өтүүПроизводство обновленного Hyundai Solaris в Ленинградской области
Производство обновленного Hyundai Solaris в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы төлөмдөрүнүн төмөндөшүнөн улам шаарда арзан унаалар жайнайбы? Sputnik агенттигинин кабарчысы дал ушул маселени иликтеп көрдү.

Кыргызстанга сырттан ташып келинген автомобилдердин бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү эки аптадан кийин 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин ылдыйлайт. Ал эми электромобилдер таптакыр эле бекер киргизилет. Өкмөт мындай кадамы менен элди экологиялык талаптарга жооп берген унаа алууга үндөмөкчү. Дагы бир максаты — эски машиналардын санын кыскартуу.

Демилге унаа базарга кандай таасир этет? Кыргызстандык автопарк "жашарабы"? Качан баш калаабыздын көчөлөрүндөгү тыгындардан электр менен жүрүүчү унааларды көрүп калабыз? Бул суроолорубузга серепчилер жооп берди.

Кыргызстанга кандай унаалар ташылат?

Баанын кескин төмөндөшүнө үмүт артып болбойт, бирок бир жыл ичинде айдалып жүргөн автомобилдер арзандай турганын болжолдойт КР Базар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев.

"Жаңы тариф менен алып келинчү унаалар мурдагы төлөмдөр менен ташылган автомобилдерге олуттуу атаандаштык жаратат. Базардагы оюнчулар кааласа да, каалабаса да унааны арзан баада сатууга аргасыз болушат", — деп белгиледи ал.

Понамаревдун айтымында, негизинен 10-12 жыл мурун чыгарылган автолор гана ташылат, алар кыргызстандыктардын капчыгына бап.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга жаңы эреже менен унаа алып кирүүнүн баасы. Таблица
"Чыгарылгандыгына 10 же андан көп жыл болгон унаалардан айырмалана жаңы машиналардын бажы төлөмдөрү мурдагыдай эле жогору. Машина базарда 3 миңден 7 миң долларга чейинки транспорттук каражаттарга талап күч, демек, негизинен ишкерлер ушундай гана үлгүдөгү автолорго басым жасайт. Өзүңүздөр билгендей, 20 миң доллардык машинаны ар бир эле киши ала албайт", — деди серепчи.

Жол тандабастар дагы да сүймөнчүк унаалардын алдыңкы сабында. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жол тандабай жүрүп турган машина зарыл. Андан тышкары, бензин, дизель жана газ республикада салыштырмалуу түрдө анча кымбат эмес, демек жол тандабастын май чыгымдары элди анчейин чочутпайт.

Бирок автомобиль рыногунда баа 2014-жылдагы калыбына кайтпайт деп эсептешет расмий дилерлер. Себеби оң рулдуу унааларды ташууга тыюу ошол боюнча сакталды.

"Япониядан алып келинген андай унаалар аябай арзан болчу. Азыр автону Европа жана Америкадан алып келишет. 2006-2007-жылкы чыгарылыштагы андай үлгүлөр эми кеминде 10 миң доллар турат. Беш жыл мурунку ошол эле Camry унаасын сизге 12 миң долларга айдап келип беришет. Андай акчага жапжаңы машина сатып ала аласыз", — деди автосалондордун биринин өкүлү.

Унаа сатуу менен профессионалдуу түрдө алектенген Ислам Кушанло өлкөгө европалык жана америкалык автомобилдерди ташып келүү дагы да кирешелүү эмес дейт.

Автомобильное движение в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда унаа каттоонун мөөнөтү эки эсеге көбөйтүлдү
"Мурда алып келүү жолу эле 2000 долларды жеп салчу. Ал жактан, маселен, АКШдан эмне ташып келесиң? Camry жана LX? Аларды сатып алууга көбүнүн чамасы чак келбейт. Алар базарда жөн эле турат", — деп түшүндүрөт ал.

Ал эми кытай машиналары шаарыбыздын көчөлөрүндө пайда болушу толук ыктымалдыгын айтат Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев.

"Кытайда электомобилдер жана гибрид автолорго ири көлөмдөгү инвестициялар салынган. Балким ал жактын ишкерлери Кыргызстандын аймагында автомобиль чыгаруу цехтерин ачууга ынтызар болоор", — деди серепчи.

Чын эле электромобиль айдап калабызбы?

Ислам Кушанлонун пикиринде, электр менен жүрүүчү машиналардын бажы жол-жобосу акысыз болгону менен көз ачып-жумганча Бишкекте жайнай түшөрү күмөн.

"Көп нерсе баадан көз каранды. Ооба, андай унааларды ташып келүүгө болот, бирок эл аларды сатып алуудан кооптонушу мүмкүн. Анткени азырынча эч кимдин алар боюнча толук маалыматы жок: кантип заряддайт? Кандай запастык бөлүктөрү керек? Баары бүгүн жакшы таанылып калган "Лексус" жана жол тандабастарга жетүүгө умтулат", — деди ал.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйрөнчүк айдоочулардын унаасына атайын белги тагылат. Мыйзам долбоор
Автомобиль рыногунун экологиялык транспортко өтүүгө даяр эместигин Бишкектеги автосалондордун биринин менеджери айтып берди.

"Азыр электромобилдерди тейлөөгө толук даяр болгон унаа оңдоочу жайды таба аларыңыз арсар. Бирок базарда алардын саны көбөйө түшсө, тейлөө да бул өзгөрүүгө ыңгайлашат", — деп түшүндүрдү ал.

Бирок ошентсе да Кыргызстанда электромобилдердин келечеги кең деп эсептейт Сергей Пономарев.

"Электромилдердин идеясы өлкө үчүн да, жарандар үчүн да абдан жакшы нерсе. Бензиндин арзандары арсар, ал эми дүйнөдөгү эң арзан баадагы электр энергиясынын бири биздин өлкөдө. Экономикалык кызыкчылыгы артып, бирок ошол эле учурда маселенин экологиялык жагы да корголот", — деди Пономарев.

Ошондой эле серепчи электромобилдердин бажы төлөмүнүн жоктугу али жетишсиз экендигин баса белгиледи. Алар үчүн ылайыктуу инфраструктура болушу керек, ал эми өлкөдө азырынча андай шарттар түзүлө элек.

Токтом ЕАЭБ эрежелерине карама-каршы келбейби

Экономика боюнча эксперт Айдарбек Самыкбаев буга чейин өкмөттүн токтому ЕАЭБдин нормаларына каршы келбей турганын айткан. Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишимдин 26-пунктунда документтин күчүнө кирген маалынан тарта 2020-жылдын 1-январына чейин Кыргызстанда бажы төлөмдөрү менен салыктын коюму талап кылынбай турганы жазылган.

Конвеердеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкө рыногун Европадан ташылган унаалар каптайбы? Автобазардын эртеңи тууралуу
2015-жылдын 1-январынан тарта республикада ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден унаа алып кирүүдөгү бажы төлөмдөрү кыйла өсүп кеткен. Мындан улам импорттун көлөмү азайган. Үч жыл аралыгында биримдиктен тыш өлкөлөрдөн кирген машиналардын саны дээрлик 100 пайызга төмөндөп, бажыдан түшкөн каражат да азайган.

Жаңы токтом күчүнө киргенден тартып бажы төлөмдөрүнөн жылына 36 миллион доллар түшүп турмакчы. Мында импорттун көлөмү 2014-жылкы көрсөткүчтүн жок дегенде теңине барабар болушу шарт. Ал эми 13 жылдан ашык айдалган унаалардын алып кирүүдө төлөм мурдагыдай эле жогору бойдон калып, кыймылдаткычтын бир куб сантиметри үчүн 6 долларды түзөт. Мындай чара Кыргызстанга эски унаалардын агымын токтотот (коңшу өлкөлөрдө мындай машиналарды алып кирүүгө тыюу салынган).

Баса, чет жактан машина алып кирип калсаңыз, бажы төлөмү канча болорун эсептей турган калькулятор даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0