Азымбакиев: чет мамлекетке чыккан адам өзүнө тың болушу керек
Чет жакка чыккан адам өзүнө тың болушу керек. Бул тууралуу Муратбек Азымбакиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мигранттар иштеген өлкөсүнүн эрежелери менен толук таанышуусу шарт.
"Жарандарыбыздын коопсуздугу боюнча башка мамлекеттер менен тыгыз иш алып барабыз. Ар бир адам бара турган өлкөнүн шарты кандай экенин жакшы билүүгө тийиш. Ар кандай компаниялар бар. Аларга алданып калбай, мекендештерибизди өзүнө сак болууга чакырам. Башкысы жарандарыбыз өздөрүнүн укуктарын 100 пайызга билиши керек", — деди Азымбакиев.
Ал Кыргызстан башка өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга болгон күчүн жумшап жатканын жана бул нерсе мекендештерибиз үчүн маанилүү экенин кошумчалады.