БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрдү деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Ага ылайык, быйыл милиция кызматкерлери ыкчам алынган маалыматтын негизинде Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алган. Натыйжада короодогу аңдын ичинен кишинин чирип кеткен сөөгү табылган. Ал 2015-жылы дайынсыз жоголгон үй ээси экени аныкталды.
29-июнда шектүү жаран кармалып, ага Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.