БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жогорку соттун үч судьясына, Жогорку соттун аппаратында иштегендер менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кылмыш иши айыпталуучуну мыйзамсыз камакта кармаганы үчүн козголгон.
Бирок №1 тергөө абагынан кызматкерлери өз милдетин так аткарбастан О.Т. аттуу жаранды 11-майга чейин 12 күн мыйзамсыз камакта кармаган. Кылмыш иши Жогорку сот тарабынан 14-майда гана каралган. Мында айыпталуучунун эркиндикке болгон укугу бузулганы айтылат.
Жогорудагы факты боюнча Башкы прокурор тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Шалаакылык" жана "Мыйзамсыз кармоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.