Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө күн 30…35 градуска чейин ысыса, Таласта 28…33 градус болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ысыктын күчү 31…36га жетет. Ысык-Көл менен Нарында 23…28 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 33…35 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0