БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев мекенине экстрадицияланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тунгишбаев Казакстандын укук коргоо органдарына 26-июнь күнү өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, Тунгишбаев тартип сакчылар тарабынан 10-июнь күнү кармалган. Ал Казакстанда экстремисттик деп саналган кылмыштуу топту каржылаган жана уюмдун ишин өркүндөтүүгө катышкан деп айыпталып келет.