БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакка белгисиз киши нашаа ыргытып кармалганын билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча баңгизаттын көлөмү 23,68 граммды түзөт. ЖАМКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, натыйжада мурда соттолуп чыккан 39 жаштагы жаран колго түшүрүлгөн.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кармалган кишини №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. Эми кылмышка тиешеси бар башка адамдар да изделүүдө.