БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү тоолуу райондордо кар жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Күн Чүй өрөөнүндө 27…32, Таласта 25…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 28…33, Ысык-Көл менен Нарында 22…26 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаары менен Ош калаасында күн 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.