БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Түркиянын Кушадасы шаарында 34 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, анын асылып калган сөөгүн чогуу жашагандар табышкан. Мигрант өүрүнө кол салган деп божомолдонуп жатат.
Айдын провинциясынын полициясы окуяны териштире баштаганы айтылууда.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргызстандыктын өлүмү тууралуу кабарды ырастап, сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.