00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соцтармак кызыктары: 40 жылдык өткөргөн классташтар, борбордогу сүйүү баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык бийчи Максат Токтоналиев. Архив
Кыргызстандык бийчи Максат Токтоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңындагы кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Узаган жумада оюндун 95-мүнөтүндө дарбазага топ киргизген германиялык Тони Кросс футбол жылдызына айланса, Алайда 40 жылдык жолугушууга чогулган классташтар соцтармак колдонуучуларын жылмайтты.

1. Классташтар 40 жылдыкта. Эркектер ак көйнөк, кара костюм-шым кийип, кызыл галстук тагынып, кыздар болсо ак бантик тагып окуучулардай кийинип келишкен. Ооба, булар 10 же 20 жылдыкка эмес 40 жылдык жолугушууга чогулушкан. Мындай эсептеп көргөндө 57-58 жаштагылар экен. Видеонун астына алар Алай районунун Жошолу айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү экени жазылган. Классташтар бир көңүл ачайын дешкен окшойт…

2. Бийчи жигит бакытын тапты. Эстрада жылдыздарынын клиптерине көрк кошуп, сахнага чыкса артында образ жараткан атактуу бийчи Макс Токтоналиев Азада аттуу бийкечке үйлөндү. Эки жаштын үлпөт тою Бишкектеги ресторандардын биринде болуп өттү. Салтанатта алгач Макс достору менен колуктусуна бий арнап, андан соң аны вальска чакырган. Эки жашка бакыт каалайбыз!

3. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси тагыраак айтканда, Дарига Назарбаеванын кызы Венера турмушка чыкты. Анын жолдошу 22 жаштагы Дален Чайжунусов экени айтылууда. Тойго Россия эстрадасынын жылдызы Филипп Киркоров жана казак артисти Кайрат Нуртас катышкан. Ошондой эле "Голос" долбоорунун катышуучусу Илья Юдичев дагы келген.

4. Курбусун көтөргөн кыз. Буга чейин курбусун штанга кылып көтөргөн 22 жаштагы Алтынай Айдаралиева эми аны моюнуна мингизип алып отуруп-турган видеосун чыгарды. Балбан билек кыз оор атлетика, кроссфит менен машыгат. Видео бассейнге түшүү учурунда тартылыптыр. Жигиттер, абайлагыла!

5. Укмуштуудай кооз гол. Жекшембиге караган түнү Германия менен Швециянын футболчулары беттешип оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып бараткан. Көбү оюн ушуну менен өзгөрүүсүз калат деп ойлогон. Бирок германиялык Тони Кросс күтүлбөгөн жерден сокку уруп, атаандаштарынын дарбазасына топ киргизип ийди. Күйөрмандар жакасын кармай кубанды.

6. Дордойдун атактуу акыны. Бул жамакчы байке "Дордой" базарында соодасы жок отургандардын маанайын көтөрүп турат экен. Ал тургай ары-бери өткөндөрдү да жөн койбойт.

Үнүңөр чыкпай дыңылдап, өтөсүңөр жымылдап.

Албасаңар калп эле, баа сурабагыла кыңылдап.

Тачка сүйрөп таңкылдап, сен болбойсуң даңкылдап.

Эки жүктү тарта албай, эмне эле эсиң ооп атат шаңкылдап, — деп тийишип жатканын көрүүгө болот.

7. Элдин жигиттери кыйын. Кээ бир жигиттер бир кыз менен тааныша албай айласы кетип отурса керек. Бул баланын эптүүлүгүн кара, Бишкектин тургундарынын баары барган соода борбордун чок ортосунда сүйгөн кызынын колун сурап жашоосунда бир эрдик жасады. Эми эптеп үлпөт тоюн өткөрүп алса очор-бачар болуп жашай берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0