БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Фубол боюнча дүйнө чемпионатында Россиянын курама командасы уругвайлык футболчулардан жеңилип калды.
Алгачкы голду оюндун башталышында эле (10-мүнөттө) Уругвайдын футболчусу Луис Суарес камсыздап койду. Экинчи топту болсо россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды. Оюн соңуна чыгып калганда, 90-мүнөттө Эдинсон Кавани дагы бир жолу топ киргизип, беттеш 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды.
Оюндун 22-мүнөтүндө египеттик Мохамед Салах эсеп санын ачса, 45-мүнөттө Сауд Аравиянын футболчусу Салман Аль-Фарадж пенальти тээп гол киргизе эсепти теңдеди. Оюндун аягында дагы бир оюнчусу Салем Аль-Досари командасына утушту камсыздап берди.
Россиянын футболчулары буга чейин Сауд Аравия жана Египет командаларын артта калтырган. Уругвай да ушул эле эки өлкөнүн оюнчулары менен кезигип жеңип алган болчу.