Соцтармак кызыктары: кызды "эркелеткен" милиционер, ак боз ат минген чыйрак келин

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСотрудники ГИБДД поздравляют женщин в преддверии праздника
Сотрудники ГИБДД поздравляют женщин в преддверии праздника - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Узаган жумада орозо айы аяктап, айт майрамы белгиленди. Ал эми жума күнү Россияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. Апта соңунда Москва шаарынын чок ортосунда кыргызстандык таксисттин элди койдуруп кетиши төбө чачты тик тургузду.

1. Бишкектеги айт намаз. Быйыл орозо 17-майда башталып, 15-июнда Бишкектеги эски аянтта майрамдык айт намаз окулду. Маалыматка караганда намазга шаардын 30 миңге чукул тургуну менен коноктору келген. Бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана шаар мэри Албек Ибраимов бар. Айт намазды муфтий Максатбек ажы Токтомушев окутту

2. Кыргыз жыттанат! Ошол эле учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы ири иш-чарага карата атайын тартылган промороликти жайылтты. Роликте Кыргызстандын ажайып табияты менен көчмөн элдин турмушу чагылдырылган. 

© Youtube / Sputnik на русскомКөчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды
Көчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды

Унуткан жоксузбу, быйыл ДКО 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

3. Футбол чемпионатынын "гимни". Музыкант Arash, поп-ырчы Нюша, рэпер Pitbull жана жаңы чыгып жаткан америкалык жылдыз Blanco Goalie Goalie аттуу чыгарманы аткарып чыгышты. Нюша өзүнүн Instagram баракчасына бул ыр чемпионаттын бейрасмий гимни болуп саналарын жазды. Артисттер оюнчуларды гол киргизүүгө, ал эми күйөрмандарды талыкпай сүйүктүү команданы колдоого үндөөнү максат кылышкан. Ушул ыр футболчуларды сүрөп, демине дем кошуп турсун! 

© YouTube/ ArashХит лета-2018? В Сети появилась запись гимна Чемпионата мира по футболу
Хит лета-2018? В Сети появилась запись гимна Чемпионата мира по футболу - Sputnik Кыргызстан
Хит лета-2018? В Сети появилась запись гимна Чемпионата мира по футболу

4. Ишемби күнү футбол чемпионаты өтүп жаткан Москва шаарында такси айдап иштеген мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу жай тургундарды коюп кетип, калың топтун талоонунда калды. Ага түрдүү жалаа жабууну көздөгөндөр да болду, деген менен кийинчерээк анын туугандары Чыңгыз ичип-чекпеген, спорт менен машыккан жигит экенин билдиришти. Сурак учурунда ал рулда уктап кеткенин айткан. Күтүлбөгөн кырсыкка кириптер болгон мекендешибизге кайрат, жакындарына сабыр тилейли! 

5. Чыңгыз, биз сени менен биргебиз! Социалдык тармактарда #Чынгызмыстобой (Чыңгыз биз сени менен биргебиз) деген хэштег жана "Чыңгыз, башты көтөр! Ыйлаба! Сен эмес, сенин тагдырыңа менин, бүт кыргыз элинин жүрөгү ооруп турат, тууганым. Сен эркексиң, ыйлабагын!" деп жазып кырсыкка кабылган боордошубузга колдоо көрсөтүшүүдө. Ошол эле маалда ага каржылык жактан да жардам берүү үчүн банктан эсептер ачылган. "Элден айланса болот" деген ушул да.

6. Чыйрак келин. Ак боз атты минип, эки жагына жүк артып, артына бешигин алып, колуна бөбөгүн кармап бара жаткан келиндин сүрөтү интернетте топ жарып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп жатат. Сталбек Абдижалил аттуу Facebook тармагынын колдонуучусу ал келин классташы экенин айтып, кесиби акушер-гинеколог болгондуктан айылда ондогон наристелерге киндик эне болуп, төрөт учурунда көптөгөн жаш өмүрлөрдү сактап калганын белгилейт.

7. Романтик милиционер. Тартип бузган кыздарды кармоо учурунда милиция кызматкерлеринин айласы алты кетерин көрүп келебиз. Бирок бул милиционер айтканына көнбөгөн кызды колуна көтөрүп алып кеткен. Муну музыка менен коштоп койсо кыз-жигиттин романтикалуу кечиндей көрүнөт экен. Соцтармактагылар эмнени гана кылышпайт.

8. Ак койдунбу же кара койдунбу? Соңунда бир күлүп алыңыз! Ак кой менен кара кой канча жүн берет, канча чөп жейт жана канча эт берет? Айырмасын билип алыңыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0