БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Чүйдө 27…32 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 25…30 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда 27…32 градус ысык болушу күтүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облусунда 21…26 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте абанын температурасы 31…33, Ош шаарында 32…34 градуска чейин жогорулап, жаан-чачын күтүлбөйт.