Президент Сооронбай Жээнбеков айт намазды Бишкектин 12-кичи районундагы мечиттердин биринде окуду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл орозо 17-майда башталып, 15-июнда Бишкектеги эски аянтта айт намаз окулду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, калаа башчысы Албек Ибраимов барды. Ошондой эле миңдеген кишилер келди.