БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Айт намазы 15-июнь күнү эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:15те башталмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:15-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 — муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 — өкмөттүн куттуктоосу;
07:30 — Айт намаз.