00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соцтармак кызыктары: шымы жок калган Галкин, кубулжута ырдаган байбиче

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүРоссиялык белгилүү теле алып баруучу Максим Галкин. Архив
Россиялык белгилүү теле алып баруучу Максим Галкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Узаган жуманын аягында Бишкекте "Кечир бизди, Бурулай!" аттуу акция өтүп, анда акын Мирлан Самыйкожонун окуган ыры коомчулукту ойго салды. Мындан сырткары, анын элесине арналган кыска метраждуу тасма тартылды. Андан башка орусча жарамазан айткандар жана кубулжута ырдаган байбиче соцтармактын көңүл чордонунда болуп турду.

1. Бурулайдын элесине. Бул фильм Бишкекте ала качып алган киши милиция бөлүмүндө бычактап салган 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын жаркын элесине арналды. Тасманын башкы каарманы — айылда апасы менен чогуу жашаган Ажар аттуу кыз. Жетишпеген турмуштун айынан атасы Россияга иштегени кеткен. Ажар абдан активдүү, шайыр кыз. Бирок аны бир күнү ала качып кетишет. Тасмада мындай кырдаалдан кантип чыгуунун жолун көрсөтүшкөн. Сценарийдин автору жана фильмдин режиссеру — Азим Азимов.

2. Ишемби күнү борбор калаада "Кечир бизди, Бурулай!" аттуу акция өттү. Ага мурунку президент Роза Отунбаева башында турган коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер жана белгилүү чыгармачыл адамдар катышты. Акын Мирлан Самыйкожонун окуган ыры кыздарга зомбулук көрсөткөн жигиттердин намысына тийип, аң-сезимин ойготту көрүнөт.

"Арт жагынан айгайлатып куудуруп,
Ала качкан эрдик эмес, уурулук!
Жыла басып, жашырынып жашабай,
Жигит болсоң катардан чык суурулуп.

Адам көөнүн таба албаган айбандык,
Ала качуу салт эмес бул салбарлык.
Кыз көңүлүн ала албаган шалтурук…
Кайда? Кана? Кыраакылык, кайбарлык",
 — деген саптары камтылган.

3. "Манас" операсы президентти толкундантты. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Пекинге болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында "Манас" операсын көрдү. Ал жакка барган кабарчыбыздын айтымында, эки миңдей кишиге арналган залда дээрлик бош орун калбаптыр. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кытай жарандары болгон. Алар актерлорду сахнадан дүркүрөгөн кол чабуулар менен узаткан. Соңунда Жээнбеков сөз сүйлөп, операны койгон кытай артисттерин Кыргызстанга чакырды.

Белгилей кетсек, Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги менен Борбордук опера институту "Манас" эпосу боюнча операны коюуга эки жыл убакыт кетирген. Сценарий Жусуп Мамайдын вариантындагы эпостун негизинде жазылган, аны кытай тилине Кытайда жашаган филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду которгон. Сиз да көрүп, сезимдериңиз менен бөлүшүңүз.

4. Кара көз сулуу Даткайым. Тамара апа улгайып калса да жайдары мүнөзүнөн тайбай, кыргыз ырларын катыра ырдайт. Анын аткарган ырларын Facebook тармагында Арууна Канболотова аттуу колдонуучу баракчасына улам-улам жүктөп жатат. Бул ирет апабыз жүрөк кылын зуулдаткан "Даткайым" чыгармасын ырдаптыр. Ден соолукта болуңуз!

5. Коңур үндүү жеткинчек. Ал эми чак түштө көчөнү жаңырта ырдаган Санжар Акылбеков коңур үнү менен соцтармакта отургандардын көңүлүн бурду. Ал жакта аны шоу-бизнестеги айрым ырчыларды артта калтырганын айтып, алкап жатышат. Сиз да өз бааңызды бериңиз.

6. Шымы жок калган Галкин. Россиялык ырчы Алла Пугачева күйөөсү Максим Галкиндин шымы жок жүргөнүн видеого тартып, аны Instagram баракчасына жүктөп койгон. Астына "Макс Инстаграм баракчасына мени киргизем дей берип тажатты. Мына анын телефонун алып тарттым да жүктөп койдум. Пугачева" деп жазыптыр. Ал видеону төрт күндүн ичинде төрт миллионго жакын адам көргөн.

7. Орусча жарамазан уктуңуз беле? Орозо айы башталгандан тарта күн-түн дебей жарамазан айткан балдар жамгырдан кийинки козу карындай жайнады. Топтошуп алып түнкүсүн эшигиңди кагып келсе ыраазы болосуң! Бирок чаламандын чак түшүндө көчөдө жалгыз эле артыңдан ээрчип же унааңа келип айтып жаткандарды көрүп жаттык. Бул видеодо ошондой учурлардын бири чагылдырылыптыр. Кырдаал кыстаса, жарамазанды орусчага да которуп салышат экен.

8. Ооз ачырып жүрөт… Вайнер Азамат Исмаилов кымбат баалуу унаасы менен элдин оозун ачыргысы келиптир. Ал орозо айында ушундай жол менен шаардагылардын оозун ачырып, сооп иш кылам деп бараткан экен. Астынан чыккан жигит "ооз ачарды үйдө кылыш керек" десе "макул, барсаң заңгыраган үйүм бар, аны көрсөң да оозуң ачылат" деп жооп узаткан. Ниетти түздөйлү!

Жаңылыктар түрмөгү
0