БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстан жолдордун сапаты боюнча түзүлгөн рейтингде 122-орунду алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум түзгөн 2017-2018-жылдардагы аттандаштыкка туруктуулук боюнча глобалдык индексинде айтылган.
Бардыгы болуп 137 мамлекет камтылган рейтингде жолдордун сапаты жети баллдык көрсөткүч менен бааланды.
Эң жогорку упайды бир да өлкө ала алган жок. Бирок ага жакыныраак көрсөткүчтөргө Бириккен Араб эмирлиги (6,4 упай) жана Сингапур менен Швейцария (6,3 упайдан) жетти.
Ал эми Кыргызстан 2,7 упай топтоп, Ливан менен Коста-Риканын ортосунан орун алды. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен баарынан жогору Кытай (4,6 упай, рейтингде 42-орун) турат. Тажикстан (4,1 упай) 70чи, Казакстан (2,9 упай) 115-орунда. Өзбекстан рейтингге кошулган жок.
Эң жаман жолдор Мавритания (2 упай), Конго (2,1 упай) жана Гаитиде (2,1 упай) экени маалым болду.