Неберени көрүп... 80 жаштагы чоң эне дзюдо менен машыгууда

Жазылуу
Айтен Алаташтын спортко аралашып калышына небересинин машыгуулары менен катышкан мелдештери түрткү болгон.

Официальным мячом ЧМ-2018 сыграли на МКС - Sputnik Кыргызстан
Космонавттар космосто футбол ойногон видеосу
Түркиянын жашоочусу Айтен Алаташ 80 жашында спорттун дзюдо түрү менен алектенет. Бул туурасында The Daily Sabah басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, чоң эне Айтен Алаташ небереси катышкан мелдештерди көрүп,  дзюдого кызыгуусу арткан. Эми ал күнүн машыгуу залында өткөрүп, жаштарга үлгү болуп жатат. 

Түркиянын Адана облусунун жашоочусу төрт жыл бою небересин машыгууга алып барып, өзүнө "эмнеге катышып көрсөм болбосун" деп суроо салган.

Чоң эненин айтымында, башында дзюдону жакшы түшүнгөн эмес,  жөн гана күрөшүү деп ойлогон.

"Дзюдону мушташка салыштыра берчүмүн. Неберемден көп ирет оюн тууралуу сурагам. Бир күнү "өзүм барып көрөм" дедим. Көрсө, дзюдо — күрөшүү эле эмес экен, мага абдан жакты", — деди Айтен Алаташ.

Ошондой эле чоң эне спорт ден соолугунун чың болушуна, өзгөчө грыжа оорусунун айыгышына жардам бергенин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0