БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Чүйдө 30…35, Таласта 28…33 градус ысык болот. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы 30…35 градуска көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө 21…26, Нарында 23…28 градус ысык болот.
Бишкек, Ош шаарында абанын температурасы 32…34 градуска чейин жогорулайт.