Учурда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында кыргыз элинин белгилүү манасчылары кезектешип манас айтышууда. Ал эми Ак-Талаа районунан келген 300 киши бир учурда манас айтмакчы.
Мындан сырткары, "Ак калпак" флешмобу да өтөт. Уюштуруучулар Манастын күчү элди биримдикке жана ынтымакка чакырарын, андыктан жергебизде тынччылык болсун деген максатта борбордук аянтта өткөрүү каралганын кошумчалашты.