Сузак: Көк-Арт дарыясына жети жаштагы бала чөгүп кетти

© AP Photo / Rick BowmerСуу. Архив
Суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланы издөө үчүн 19 куткаруучу жана милициянын 25 кызматкери тартылган.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Сузактын Таш-Булак айыл аймагында жашаган жети жаштагы бала Көк-Арт дарыясына агып кетип, каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 28-майда кечинде саат 19:00 чамасында болгон.

Баланы издөө үчүн 19 куткаруучу жана милициянын 25 кызматкери тартылган. Алар эки саатка чукул издеген соң, тестиердин сөөгүн таап, ата-энесине өткөрүп берген.

Буга чейин да, 15-майда Кара-Суу району менен Кадамжай шаарында эки киши сууга чөгүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0