Айбек Калиевдин ордуна "Улуттук энерго холдингге" жаңы төрага дайындалды

Жазылуу
"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 10-апрелде Бишкек ТЭЦтин айланасындагы чырдан улам кызматтан алынган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы болуп Азамат Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы кабарлады.

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 10-апрелде Бишкек ТЭЦинин айланасындагы чырдан улам кызматтан алынган. Андан соң аны УКМК "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катары кармаган. Калиев тергөө аяктаганга чейин тергөө абагына киргизилген.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун чечими менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасына Азамат Абдыкадыров төрага болуп дайындалды. Ал жума күнү жамаатка тааныштырылды", — деп айтылат маалыматта.

Абдыкадыров бул кызматка дайындалганга чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунда стратегиялык өнүктүрүү жана коркунучтарды талдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Эмгек жолунда жалаң гана энергетика тармагында эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0