ӨКМ: Бишкекте катуу шамал болушу күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековНовостройки в микрорайоне Джал в Бишкеке
Новостройки в микрорайоне Джал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунда бир сааттын ичинде жана түндө катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун Facebook баракчасына дагы жарандарды этият болууга чакырган пост жарыяланды. 

"Өздүк жана мүлктөрдүн коопсуздугун камсыздоого чакырам"- деп билдирмеде жазылган. 

Мэрия дарактар кулаган же электр чубалгылары үзүлгөн фактылар болсо 185, 1840 же 0554182185 WhatsApp номери аркылуу билдирүү жөнөтүүнү суранат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0