Абдыкадыров Азамат Эсенгелдиевич — өмүр баяны

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВ зале заседаний правительства РФ в Доме правительства в Москве
В зале заседаний правительства РФ в Доме правительства в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азамат Абдыкадыров 1963-жылы 27-августта туулган. 1985-жылы Фрунзе техникалык институтунда "инженер-электрик" адистигин аяктаган. Мындан сырткары, билимин жогорулатуу үчүн бир нече курстарда окуган.

Эмгек жолу:

1985-1990 — "Нарын электр тармагы" ишканасында релейлик коргоо жана автоматика кызматынын мастери, улук мастер;

1990-1996 — "Кыргызэнерго" Акционердик коомунун электр жабдууларын эксплуатациялоо кызматында электр тогунун ашыкча чыңалуусун коргоо жана өлчөө, чагылгандан коргоо боюнча инженер;

1996-2003 — Чүй жогорку чыңалуудагы электр байланыш ишканасында өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы, башкы инженердин орун басары;

1999-2000 — Ош жана Баткен облустарына көмөк чордон куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоордун инженер консультанты;

2003 — ПРОООНдун "Кыргызстандын климатынын өзгөрүшү" долбоорунун консультанты;

2003-2005 — "Электр станциялары" АККтын электр жабдууларын эксплуатациялоо кызматынын башчысы;

2005 — Токтогул ГЭС каскадынын директору;

2005- 2017 — "Электр станциялары" АККтын жабдууларды оңдоо жана эксплуатациялоо департаментинин директорунун орун басары;

2010-2011 — "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо" долбоорунун менеджери;

2013-2018 — "Токтогул ГЭСин реконструкциялоо" долбоорун ишке ашыруу тобунун инженер-эксперти, долбоордун биринчи фазасынын жетекчиси;

2017 —2018 — "Электр станциялары" ААКтын стратегиялык өнүктүрүү жана коркунучтарды талдоо бөлүмүнүн башчысы.

2018-жылдын май айында "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0