Самал Еслямова: "Айка" боюнча мага бир гана адамдын пикири баалуу

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүСергей Дворцевойдун "Айка" тасмасындагы ролу үчүн 71-ирет өткөн Канн кинофестивалынын сыйлыгын алган Самал Еслямова
Сергей Дворцевойдун Айка тасмасындагы ролу үчүн 71-ирет өткөн Канн кинофестивалынын сыйлыгын алган Самал Еслямова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ирмемде эле атактуу боло түшкөн Самал Еслямова "Айка" тасмасын жаратуудагы эң оор мүнөттөр жана пикири баалуу адам тууралуу айтып берди.

Россиялык режиссер Сергей Дворцевойдун "Айка" тасмасындагы ролу үчүн 71-ирет өткөн Канн кинофестивалынын сыйлыгын алган Самал Еслямова мурункудан да уялчаак, тартынчаак болуп калгандай элес калтырды. Кадыры чоң фестивалдын жеңүүчүсү менен Москвадан Астананы көздөй сапар тартаар алдында маектештик.

"Өзүм тууралуу эмне айтып беришимди да билбейм… Түндүк-Казакстан облусунда жарыкка келгем, Петропавловскидеги искусство колледжинин актердук факультетин бүтүргөм. Ата-энем менен жакындарым азыр деле ошол жакта жашайт. Көптөн бери Москвада жашаганыма карабай мен Казакстандын жаранымын", — деди Самал.

Сергей Дворцевой менен алгачкы таанышуусу тууралуу сүйлөп жатып, Еслямова режиссер менен студент кезинде таанышканын айтты.

Закрытие 71-го Каннского международного кинофестиваля - Sputnik Кыргызстан
"Айканын" режиссеру мигрант кыргыз кызды эмнеге казак актрисасы ойногонун айтты
"Бүтүрүүчү курста окуп жүргөндө шаарыбызда россиялык бир тасмага массалык кастинг өтүп жатканын угуп калдым. Элден калбай курбум экөөбүз да барганбыз. Ошол жактан Сергей менен тааныштым. Режиссер деген креслодо отуруп, көп сүйлөбөгөн адам болот деп элестеткем. Бирок Сергей адамдар менен тез тил табышат экен. Экөөбүз учурашып, бир аз сүйлөшүп турдук. Бир нече ай өткөн. Эч жаңылык болбогонунан кастинг тууралуу унутуп деле калыптырмын. Анан бир күнү эле телефон шыңгырап, "Эртең менен Алматыга келе аласызбы?" дешти. Студентмин, акча жок. Бир күмөндүү нерсе үчүн Түндүк Казакстандан Түштүккө барышым керек эле. Сыр алдырбай: "Албетте, бара алам" дедим. Кантип жетеримди деле билген жокмун", — деп эскерет Самал.

Эртеси Алматыга келген Еслямова кайрадан кастингден өтүп, Дворцевойдун "Тюльпан" тасмасындагы башкы каармандын ролу тиет. Бул режиссердун биринчи көркөм тасмасы эле, кино дароо эле Дворцевойго ийгилик алып келген. Туура 10 жыл мурун "Тюльпан" Канн кинофестивалында "Өзгөчө көз караш" сынагында баш байгеге ээ болот.

Дал ушул тасмага тартылып жатып Самал кинодо калууну чечет. Москвага келип, ГИТИСке өтөт. Дворцевой менен достук мамиледе калган Еслямовага режиссер кайрадан киного тартылууну сунуштайт. "Айканы" тартуу иштери 2011-жылы, Самал окуу жайды аяктаганда башталат.

Еслямованын каарманы Россияга иштегени келген кыргызстандык мигрант кыз болот. Көз жарып, аргасыздан ымыркайын төрөт үйүнө таштап, бирок энелик сезиминен улам кайра баласын таап, турмуштун катаал сыноосунан өтөт.

"Тасма тартуу иштери алты жыл кышында гана жүрүп жатты. Кардан көз каранды элек. Калган убакта тартуу иштерине даярдык жүрчү, жайында эс алчубуз. Башка тасмаларга тартыла алган жокмун, анткени "Айкага" баш-отум менен киришим керек болду", — деди Самал.

Актрисанын айтымында, эң оору жаш эненин образын жаратуу болгон.

Он потряс Каннский кинофестиваль — первые кадры фильма о кыргызской мигрантке - Sputnik Кыргызстан
Канн фестивалын багынткан кыргызстандык мигрант кыз. Тасманын алгачкы кадры
"Тилекке каршы, менин балам жок. Тасмада жаңы эле төрөп, бирок дароо жумушка чыгышы керек болгон жаш келиндин абалын туюп, билип, сезишим керек эле", — деди ал.

"Айка" — трагедиялуу тасма. Фестивалдагы көрөрмандар көзгө жаш алып, туруп кол чабышты.

Самал Еслямова ийгилигин Казакстанда майрамдайт. Астанада өтчү маалымат жыйындан кийин ата-энесинин жанына барууну пландап жатат.

"Жөн гана эс алгым келүүдө. Бирок мен үчүн жумуш эң кызыктуу нерсе экенин билдим. Албетте, байге, сыйлык дегендер жакшы, бирок жумуштун өзүнөн өткөн нерсе жок экен. Роль алып, кайра ошого сүңгүп кирип… Бул менин кыялым десем болот. Кайсы жанр экенинин айырмасы жок, башкысы адамдар тууралуу болсо болду", — деди актриса.

Мактоолор менен сын пикирге Самалдын көз карашы түз. Аны бир гана адамдын пикири ойго сала алат.

"Эң кымбаты — режиссердун сөзү болду. Тасма тартылып бүткөндөн кийин Сергейден коюлган талапты аткара алдымбы деп сурадым. Ал: "Ооба" деп жооп берди. Бул мен үчүн бардык сыйлык-наамдан жогорку баа болду", — деди Еслямова.

Самал Еслямова 1984-жылы 1-сентябрда Түндүк Казакстанда төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0