БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Татарстанда парашютчулар асманда кагышып, экөө тең каза болду. Бул тууралуу Тергөө комитетине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 19-май күнү Татарстандын Мензелинск аймагында жети спортчу 4 миң метр бийктиктен парашюттан секирип жатышкан.
"Абадан парашюттар ачылып жаткан маалда биринчи спортчу экинчисин сүзгөн. Ошол учурда экөө тең эстен танып, жерге запастагы парашют менен түшүшкөн. Бирок алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Биринчиси тез жардам унаасында, экинчиси ооруканада көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.
Спортчулар кызматын колдонгон аэроклуб кырсыкка учураган эки парашютчу тең буга чейин 600 жолу секиргенин айтты.
Иликтөө иштери уланууда.