1971 — атасы жетектеген компанияга жумушка орношуп, алгачкы жеке долбоору катары Манхэттенге бизнес-борбор курган;
1974-1982 — бир катар иши жүрүшпөй жаткан мейманканаларды сатып алып, өз ысымына которгон;
1982 — Тармпка дүйнөлүк атак алып келген 58-кабаттуу Trump Tower асман тиреген имараты курулуп бүткөн;
1996-2015 — "Аалам сулуусу" сынагынын кожоюну болгон;
2004 — NBC каналындагы "Окуучу" реалити-шоусунун алып баруучусу жана продюсери болгон;
2005 — Donald J. Trump Signature Collection деген аталыштагы кийим-кечектерди чыгарган;
2012 — PARLUX компаниясы менен биргеликте Success by Trump атырын, 2015-жылы Empire атырын чыгарган;
2016 — АКШнын президенттигине талапкер катары расмий каттоодон өткөн;
2017 — 6-январь күнү АКШ Конгресси Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишин расмий жарыялаган;
Үй-бүлөлүү, үч жолу үйлөнгөн. Бардык жубайларынан беш баласы бар.