Ош шаарынын аймактарында эки күн электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

© Фото / Александр ФедоровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иштер 2018-2019-жылдардагы энергобъектилерди күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жасалып жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ош шаарынын айрым аймактарында 15-16-май күндөрү электр жарыгы 09:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт. Бул туурасында аталган муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта бул иштер 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергобъектилерди даярдоо үчүн жасалып жаткандыгы айтылган.

15-майда күнү төмөнкү аймактарда электр кубаты өчүрүлөт:

Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын борбордук аянты эки айлык мөөнөткө жабылат - Sputnik Кыргызстан
Бүгүндөн тарта Оштун борбордук аянты эки айга жабылды
— №8 "Ак-Буура" аймактык кеңешине караштуу Салык инспекциясынын, Каржы полициясынын имаратында, Шевченко мектебинде, андан сырткары, Столичный, Шакиров 269, 269а, Жумабаев, Депутат, Мехнат, Увамский, Зеленый, Москва, Абдуллаев, Заречной, Жалал-Абад, Баратов, Ленинград, Мадумаров, Ак алтын, Демократ, Памир көчөлөрүндө болбойт.

— №10 "Курманжан Датка" жана "Достук" аймактык кеңештерине караштуу Фрунзе кичи районунун базарында, Жибек комбинаты (ШКТ) жана шаардык ӨКМдин районунда, Шакиров 8, 9, 11, Касымалиев, Панфилов, Некрасов, Спорт-1, 1а, Ленин, Алиев, Чапаев, Курманжан датка, Вишневый, Ташкент кең көчөлөрүндө да өчүрүлөт.

— №3 "Сулайман-Тоо" аймактык кеңешине караштуу "Мээрим" балдар бакчасында, Ленин мектебинде, облустук китепканада, "Автотрест" ишканасында, Алишер Навои, Алебастров, Жупас, Новый, Тельман, Парижская Комунна, Давыдов, 1-Май, Токтогул, Умурзаков, Богданов, Нематов, Кол өнөрчүлөр көчөсүнө берилбейт.

16-май

— Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат, Таштак айылдарында, Маруфий, Бабур, Бакин, Кош-Таш көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0