Москва көчөсүнүн бир бөлүгү үч айга жабылат

Жазылуу
Көчөнүн бир бөлүгү август айына чейин жабык болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкекте Москва көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан кабарлашкандай, 15-майдан тарта Москва көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ремонттон кийин көчөдө жаңы бордюрлар пайда болуп, жолдун үстүңкү катмары мурдагыга салыштырмалуу сапаттуу болору айтылды.

Жол оңдоо иштери 5-августка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0