00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ат, КамАЗ, тик учак, деги эч нерсе калбады. Үлпөт тойдогу өзгөчө кортеждер топтому

© AFP / XIANКортеждеги унаа. Архив
Кортеждеги унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туягын такылдаткан тулпарлар, КамАЗ, ЗиЛ, жада калса тик учак коштогон үлпөт тойлордун кортежи... Кыргызстандык жаштар тоюнда эмне менен гана жүргөн жок.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Баш кошуп жаткан жубайлар өмүрүндө бир жолу боло турган үлпөт тоюн эсте калаарлык кылып өткөрүүгө аракет жасашат. Мисалы, айдоочу болуп иштегендер жүк ташуучу унааларды жалдаса, улакчылар аргымак минип, колунда барлары алдыңкы үлгүдөгү унаалардан 15-20ны алып чыгат.

Баса, жакында эле Москвадагы кыргыздардын кортежин тик учак баштап чыкты. Элдин талкуусуна алынган мындай өзгөчө тойлордун саны аз эмес. Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп чыкты.

© Фото / Рысбек НазарматовЧыңгыз Токторалиев сүйлөшкөн кызын тойдон 15 күн мурун "Москва-ситинин" 50-кабатына алып чыгып колун сурган
Кыргызстанец Чынгыз Токторалиев с невестой в одном из небоскребов Москва-сити - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Токторалиев сүйлөшкөн кызын тойдон 15 күн мурун "Москва-ситинин" 50-кабатына алып чыгып колун сурган

1. Бийиктикти сүйгөн жаштар. Москвада иштеген кыргызстандык жубайлардын кортежин тик учак коштогону талкууга алынууда. Ал күнү 26 жаштагы Чыңгыз Токторалиев өзүнөн бир жаш кичүү Бегимай Темиралиева аттуу кызга баш кошкон. Анын Рысбек аттуу иниси эки жашка тик учактын билетин белек кылган. Алар 15 мүнөт абада учуп шаар четин кыдырып келишкен. Баасы атайын купон менен алынганы үчүн 8250 рублди түзгөнүн айтышты. Ушундай жол менен каалаган адам билет сатып алса болот экен. Ал сүйгөн кызынын колун сураганда дагы өзгөчө болгон. Тойдон 15 күн мурун "Москва-ситинин" 50-кабатына алып чыгып өмүрлүк жар болууга макулдугун алган. Түгөйлөр болгону эки ай гана сүйлөшүп баш кошушканын айтышты. Күйөө бала байдын баласы эместигин белгилеп, эл катары эле эмерек чыгарган фирмада кызмат кыларын билдирди.

2. Баш-аягы жок кортеж. Баткенде өткөн үлпөт тойдун кортежи 15 чамалуу Toyota Land Cruiser, Mercedes-Benz Gelandewagen жана Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаалардан куралды. Бул видеону эки жыл мурун Дастан Абдымалик уулу аттуу интернет колдонуучу You Tube каналына жүктөгөн.

3. Жоголуп бараткан КамАЗдар тойду "тейлеп"… Ал эми Ош шаарындагы үлпөт тойдун кортежинен 10го чукул жүк ташуучу унааны көрүүгө болот. Жаш жубайлар күркүрөгөн КамАЗдар менен шаар кыдырышты. Бул видео You Tube каналына мындан үч жыл мурда жарыяланган.

4. Буудандардан куралган кортеж. Алдыда кара аргымак минген күйөө бала менен ак боз атчан келин, артында кырлуу костюм-шым кийген жоро-жолдоштору аккордеондун коштоосунда шатыра-шатман ырдап бара жатышат. Мындай өзгөчө той Оштун Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылында болгону айтылууда.

5. "Жигули" коштогон ретро той… Ал эми Эдил атуу жигит үлпөт тоюнда 1980-жылдары хит болгон "Жигули" унаалары менен шаар айланууну эп көргөн. Эки жаш жана достору бирдей үлгүдөгү 11 унаанын астына түстүү тасмаларды тартып, күзгүсүнө шар байлап чыгышкан. Мындай ретро той 2016-жылы Оштун Кара-Суу шаарында өткөн.

6. Оштогу өзгөчө той. Адаттагы тойлордо айымдар жар-жар айтып эки жашты коштоп алып кирчү. Бул тойдо башкача болуптур. Эки беткей тизилген 11 ырчы аккордеон менен жандуу ырдап жубайларды тосуп алышкан. Аккордеончулар тобу менен келгенине караганда үйлөнгөн жигит өзү да ырчы окшойт.

7. Аттар жана автоунаалар. Бул жубайлардын кортежин аттар да, жолтандабастар да коштоду. Жаштар Жалал-Абад шаарынын чок ортосундагы жол менен ат бастырып, артынан унаалар ээрчиген. Баары ак түстүү бирдей үлгүдөгү унаалар. Бул ирмемдер интернет айдыңына үч жыл мурда жүктөлгөн.

Аны айтасыңар, кортежди экскаватор баштап чыккан учурлар да болгон. Эки жаш анын калагына туруп алып сейилдеген. Кыскасы, эл арасында кызык тойлор көп эле. Ушундай сыяктуу шаан-шөкөттөргө канча чыгым кете турганына кызыгууңуз жаралса Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасына көз чаптырыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0