БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Ишемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн жылып, термометр 21…26 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 15…20 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 23…26 градус жылуу болот.