Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстан аймагында 29-апрель күнү жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас облустарында 26-31 градус ысык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында күндүн табы 27…32 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 19…24 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында абанын температурасы 29…31 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0