Сулайманов: 5-кабаттан секирген аялдын ким экени такталбай жатат
Ошто чыккан өрттөн улам 5-кабаттан секирген аял өзүнө келе элек, азырынча тууган-уругу жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу Шайырбек Сулайманов журналисттерге маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаракат алган аял болжол менен 30 жашта.
"Бизге өрт кырсыгынан улам жалпы 6 киши кайрылды. Алардын бири 5-кабаттан секирген 30 жаштар чамасындагы аялдын туугандары тууралуу маалымат жок болуп жатат. Керектүү бардык жардамдар көрсөтүлдү. Бирок дагы деле өзүнө келе элек", — деди башкы врач.
Ал 6 кишинин арасынан 2 бейтаптын абалы оор экенин кошумчалады.