Жамшитов Өткүрбек Асилбекович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов
Кандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткүрбек Жамшитов 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Билими жогорку. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 1997-1999 — Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

— 1999-2008 — Талас шаардык, Бакай-Ата райондук жана Ош облустук прокуратураларында тергөөчү;

— 2008-2011 — Кадамжай районунун прокурорунун орун басары;

— 2011-2015 — Лейлек районунун прокурору;

— 2015-жылдын ушул тапка чейин Жалал-Абад облусунун прокурору.

Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0