00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баш прокурор болчу Өткүрбек Жамшитов деген ким? Талапкер тууралуу 6 факты

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовКандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов
Кандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн парламент өлкөнүн башкы прокурорлугуна талапкерлигин караган Өткүрбек Жамшитов боюнча коомчулуктун маалыматы дээрлик жок.

Жалал-Абад облусунун учурдагы прокурору Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков сунуштап, маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Премьер-министрликке талапке Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты
Ага чейин анын талапкерлигин парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети жана көпчүлүк коалициясы жактырды.

Ал ортодо Sputnik Кыргызстан агенттиги мурун-кийин коомчулукка төбөсү анчейин көрүнө элек Өткүрбек Жамшитов тууралуу кызыктуу алты факты таап чыкты.

Туулган жери. Өткүрбек Жамшитов 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Ошол эле айылдагы Николай Чернышевский атындагы орто мектепти аяктаган.

Прокуратура жаатында гана эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөндөн бери жалаң прокуратура жаатында иштеп келет. Ушул убакка чейин Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын башкы көзөмөл органдарында тергөөчү, прокурорлук кызматтарды аркалаган.

Ата-энеси. Учурда атасы дагы, апасы дагы пенсияда. Атасы Асилбек кесиби боюнча куруучу, өмүр бою курулуш тармагында иштеп, эс алууга чыкканына үч жылдын жүзү болду. Апасы математика сабагынан мугалим. Буга чейин мектепте жана жогорку окуу жайда сабак берчү.

Портфельчен чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аудитор ӨКМге, Оштун вице-мэри өкмөткө барат. Абулгазиев айланасына кимди чогултту?
Үй-бүлөсү. Өмүрлүк жары кесиби боюнча орус тили мугалими. Учурда мамлекеттик органдардын биринде иштейт. Жамшитов эки уул, бир кыздын атасы. Улуу баласы студент. Экинчи уулу 11-класста, кызы 5-класста окуйт.

Машыккан спорту. Бала кезинен бери классикалык күрөш менен машыгып келет. Студент кезинде университеттин наамын коргоп, бир топ спорттук мелдештерге катышканы белгилүү болду.

Айлыгы. Башкы прокурорлукка талапкер бүгүн парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, айлыгы менен пенсиясын кошкондо бир айда колуна 30 миң сомдун тегерегинде акча тиерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0