Милиция жыл башынан бери жол кырсыгынан көз жумгандардын санын айтты

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖол кырсыгынан жабыркаган автоунаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам өлүмү 18 пайызга кыскарганы белгилүү болду

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстанда 1 046 жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынынын маалымат кызматы билдирди.

Жыл башынан берки аварияларда 126 киши каза таап, 1 539 киши ар кандай жаракат алган. Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу адам өлүмүнүн 18 пайызга кыскарганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0