Түркия менен пенсия боюнча түзүлгөн келишимдин КР мигранттарына эмне пайдасы бар

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбековдун 9-апрелде Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында алты документке кол коюлду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мындан ары Кыргызстан менен Түркиянын жарандары пенсияга чыгууда бирдей укукка ээ болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Теңизбек Абжапаров журналисттерге билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 9-апрелде Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында алты документке кол коюлду. Ал документтердин арасында пенсия боюнча келишим дагы бар.

Абжапаровдун айтымында, эгер КР жараны Кыргызстанда 10 жыл иштеп, кийин Түркияга эмгек мигранты катары кетип, ал жакта дагы 15 жыл иштеп пенсияга чыкса, 25 жылдык стажы үчүн пенсия берилет. Тагыраагы, 15 жыл үчүн Түркия, 10 жыл үчүн Кыргызстан төлөй турган болот.

"Буга чейин биздин жарандар Түркияда камсыздандыруу үчүн каражат төлөсө, Кыргызстанда бул жылдар стаж катары эсептелген эмес. Эми мындан ары эсептеле баштайт. Эгер КР жараны Түркияда иштеген болсо анын пенсиясы ошол өлкөнүн тарифтерине ылайык төлөнөт. Өзгөчөлүгү Түркия 15 жылдык пенсия каражатын экспорттоп турат. Биз болсо анын үстүнө 10 жылдык сумманы кошуп туруп жаранга төлөп беребиз", — деди Абжапаров.

Официальный визит Сооронбая Жээнбекова в Турцию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун Түркияга болгон иш сапарында алты документке кол коюлду. Тизме
Соцфонддун башчысынын маалыматына караганда, Түркия пенсия маселеси боюнча 30 мамлекет менен кызматташат. Ал эми Кыргызстан менен мындай келишим биринчи жолу түзүлүп жатат.

Чегерүүнүн айырмасы — Кыргызстанда эмгек акынын 27 пайызы, Түркияда 34 пайызы социалдык фонд тарабынан кармалып калат.

Абжапаров ошондой эле Түркияда 15 миңден ашык кыргызстандык жаран мыйзамдуу негизде иштей турганын белгиледи. Ал эми 5400 түрк жараны Кыргызстандын аймагында эмгектенип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0