БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Индонезиянын Киминдоресе шаарында жашаган мугалим тиштери адамдыкына окшош балык кармап алганын The Sun сайты жазды.
Окутуучу олжону эмне кыларын билбей, өзүнүн окуучусуна берип койгон. Балыктын өзгөчөлүгүнө таң калган өспүрүм аны видеого тартып, интернетке жүктөгөн.
Аны көргөн журналисттер бул эмне болгон балык экенин окумуштуулардан сурап көргөн. Адистер мугалимдин кайырмагына түшкөн балык окунь түркүмүнө кирерин айтышкан.