Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлчүктүн жанында ойноп жаткан бала. Архив
Көлчүктүн жанында ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Шейшемби күнү, 10-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Кол чатыр көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сак болуңуз, үшүк жүрөт! Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй, Таласта түндө 2…7, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт. Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түндө 5…10, күндүз 12…17 градусту түзөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түндө 0…5 градустан төмөн болуп, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт.

Ал эми Бишкек шаарында да мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүз 8…13 градус жылыса, Ошто абанын температурасы 12…17 градуска жетери күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0